Толгонай Стамалиева: “Бишкек шаардык кеңешинин билдирүүсү акылга сыйбайт “

255

9-май Жеңиш майрамынын урматына өтүүчү «Өлбөс полктун» жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбеков баштаган катышуучуларды видеого жана сүрөткө тартууга тыюу салынды. Мындан тышкары колоннаны дронго түшүрүүгө дагы мүмкүн эмес, кокус эрежеге баш ийбегендер болсо атып түшүрүлөт.  Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин басма-сөз кызматынан маалымдашты.

Ал эми президенттин басма-сөз кызматынын башчысы Толгонай Стамалиева “Клоопко” берген маалыматында, “Бишкек шаардык кеңешинин бул билдирүүсү акылга сыйбайт”

“ Азырынча аккредитация жүрүп жатат, биз эч кандай билдирүү жасай элекпиз. БШК аккредитациядан өткөн журналисттерин бизге жөнөттү. Түштөн кийин так маалымат таратылат.”

Стамалиева сьемка кылууга чектөө киргизилерин кошумчалады.  Маалымат ылайык, иш-чарада өлкө башчысын анын жеке фото сүрөтчүсү жана оператору тартат. Ал эми Коомдук телерадиоберүү корпорациясы түз алып көрсөтөт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь