Кызыл-Омполдогу уран кенин казууга президент тарабынан тыюу салынганы менен бул көйгөй мыйзам чегинде, мыйзам чыгаруучу эл өкүлдөрү жана өкмөт мүчөлөрү менен биргеликте чечилүүчү маселе экендигин көз карандысыз эксперт Максат Мамытканов Элдик Медианын “Элдик Талкуу” программасында билдирди.
Көз карандысыз эксперттер жана тоо кен тармагында иштеген кызматкерлер менен эл өкүлдөрү кечээ 7- майда уран боюнча жыйын өткөрүп, депутаттар чогулушка катышуучуларга уранга жай айларында толук кандуу чекит коюулаарын айтышкан.
Адамга, жаратылышка, өндүрүлгөн продукцияга ортодон жогорку пайызда зыяндуу. Кызыл-Омполдо уран жер кыртышында “чачылып жаткан” түрүнө киргендиктен айлана чөйрөгө, көл үстүнө, жерде өскөн өсүмдүктөрдүн үстүнө зыяндуу заттар конуп калат деген ой жаңылыш экендигин тоо кен инженери Өмүрбек Касымбеков айтты.