Ишкер Жалил Атамбаев «Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаковго карата жазган доо арызынын сүрөтү жарыяланды.
Арызда төмөнкүдөй жазылат: “Менин кайрылуум мусулмандардын ыйык Орозо айында Жалил Атамбаев сотко берген адамдарды кечиргенине байланыштуу, сотко моралдык зыян өндүрүү жөнүндөгү берген доо арызынан баш тартат.
Жоопкерлер эл аралык “Азаттык үналгысына” Ош облусу боюнча журналисти Исаков Ыдырыска, Маматов Мирланга жана Сайбидинов Маратка карата жазган моралдык зыян өндүрүү жөнүндөгү доо арызыбызды Ош шаардык сотунда каратуудан баш тартабыз. Ошондуктан доо арызыбызды кайтаруусуз карап берүүңүздү суранабыз.”
Эске салсак, кечээ 8-майда ишкер арызын кайтарып алгандыгын Атамбаевдин адвокаты Шумкарбек Абжапаров элдик медиага билдирген.
Журналист Ыдырыс Исаковго карата Жалил Атамбаев Ош шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып, Исаковдон 50 млн. сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган.
Бул окуядан кийин жалпы журналист коомчулугу жана жарандык коом өкүлдөрү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылып, журналистти коргоого чакырган. Бул боюнча бүгүн акыйкатчы Токон Мамытов дагы «Азаттык» радиосунун кызматкеринин ишин өз көзөмөлүнө аларын билдирген болчу.