Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон 18-майда ачылат

216

Ысык-Көлдөгү туристтик сезон 18-майда ачылаары күтүлүүдө. Мындай маалыматты Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма- сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Ысык-Көлдө 18-майда туристтик сезон ачылып, ошону менен бирге эле эл аралык “Issyk-Kul ITF- 2019” туристтик жарманке өткөрүлөт. Бул жарманке-көргөзмөнүн максаты башка өлкөлөр менен болгон туристтик байланыштарды түзүү жана бекемдөө болуп саналат.

Иш-чарага катышуу үчүн бардык турагенттиктердин адистери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, туристтик компаниялар чакырылган. Иш-чаранын жүрүшүндө ар кандай жолугушуулар, тегерек столдор уюштуруп, катышуучуларга өзүнүн компаниясы, долбоорлору жана кызматтары менен тааныштырууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь