Элизабет Турсынбаева дүйнөлүк алдыңкы 10 фигуристканын катарына кирди 

299

Эл аралык коньки тебүүчүлөр союзунун (ISU) 2018-2019-жылдын муз үстүндө бийлөөчүлөрдүн рейтингин жаңылады.

Мыктыларды аныктоодо Олимпиада оюндарында жана дүйнөлүк чемпионаттагы ошондой эле эл аралык сынактарда жетишкендиктер эске алынган.

Муз үстүндө бийлөөчүлөрдүн рейтингинин сап башында 4510 упай менен орусиялык Алина Загитова турат. Экинчи орунда  3459 упай менен япониялык Сатоко Мияхара, ал эми үчүнчү сапка 3384 упай менен дагы бир орусиялык спортчу Евгения Медведева жайгашкан.

Дүйнөлүк 10 алдыңкы муз үстүндө бийлөөчүлөрдүн катарына кирген казакстандык Элизабет Турсынбаева 3108 балл менен алтынчы орунду ээледи.

Март айында өткөн дүйнөлүк чемпионатта Турсынбаева тарыхта калган оор аткаруу жасап, күмүш медаль тагынган.

Белгилей кетсек, Элизабет Турсынбаеванын атасы казак апасы кыргыз.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь