9-май Жеңиш күнүнүн урматына уюшулган майрамдык иш-чаралар таң аткандан түнгө чейин уланат.
10:00. Дайыр Асанов атындагы парктан Өлбөс полк” акциясы башталат. Маршка катышууну каалагандар 09:00дө Масалиев жана Байтика Баатыр көчөлөрүнүн кечилишинде чогулушат. Акцияга чыккандар түшкү саат 12ге Жеңиш аянтына келиши күтүлүүдө.
10:00. Жеңиш аянтында Өчпөс отко гүл коюлуп митинг-реквием башталат. Андан соң жүздөгөн түгөйлөр Жеңиштин жай бийин аткарышат.
11:00. Д.Шопоков көчөсүндөгү аянтчада шаардык музыкалык жана бий тобунун согуш боюнча аткаруусундагы концерт тартууланат.
14:00. Опера жана балет театрында Улуу Жеңиш Күнүнө карата акысыз майрамдык концерт өтөт
19:00-22:00. Жеңиш паркында шаар тургундары жана коноктор үчүн орусиялык ырчылардын (Сергей Крылов, “Голубые береты”группасы) жана ата мекендик эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң майрамдык концерт уюштурулат.
Программанын жыйынтыкталышы менен Жеңиш Күнүндө 6 мүнөткө созулган майрамдык салют атылат.