ӨКМ адам өмүрүн сактап калуучу 50 миң сомдук шайманды ала албай жатат

192

Өзгөчө кардаалдар министрлиги өлкөнүн аймагындагы адам өмүрүнө коркунучту  жана жаратылыштын кесепетинен кырсыкты алып келүүчү окуялардын алдын алууда кызмат көрсөтүшөт.

Быйылкы жылдын эсебинен ондогон ири базарларда чыккан өрттөр, бийик кабаттуу үйлөрдөн өз боюн таштаган адамдар көп болгондуктан аларды убагында алдын алуу иштерин аткаруу куткаруучулардын бирден бир милдети.

Өз өмүрүнө кол салуунун аракетинде бийиктиктен боюн таштаган адамдарды жерде туруп тосуп алууу үчүн атайын шайман “батут” деп аталат. Учурда ӨКМдин бир да бөлүмүндө бул жабдык жок. Андыктан, адамды куткаруу учурунда куткаруучулар бир далай машакаттан өтүп, учуп кетчү кишини аман алып калуу үчүн түркүн аракеттерди кылышат. Колдо бар каражатты пайдаланууга аргасыз болуп, үйдөгү салынуучу кадимки килемди жайып, боюн таштаган адамды жерден тосуп алышат.

ӨКМдин министринин орун басары Калыс Ахматовдун айтуусунда 1 батут 50 миң сом турат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь