Бажы кызматкерлери ири көлөмдөгү чылым аткезчилигин аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 5-майда ыкчам бажы кызматкерлери Баткен облусунда Э.А., аттуу кыргыз жараны башкарып бара жаткан Nissan X-trail үлгүсүндөгү унаасын токтотуп, текшерүүгө алышкан.
Унаанын ичинен бажыга тийиштүү эч кандай документтери жана акциздик маркасы жок 252 000 даана чылымдар табылган. Кармалган товардын жалпы суммасы 630 миң сомду түзгөн.
Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.