Афганстандын түндүгүндө полиция пунктуна Талибан мүчөлөрүнүн кол салуусунда 5 коопсуздук кызматкери каза болду. Белх коопсуздук директорлугунун катчысы Адилшах Адил басма сөзгө берген маалыматта Талибан мүчөлөрүнүн Хулумдагы полиция пунктуна кол салышынан кийин кагылышуу чыккандыгын белгиледи. Кагылышууда 5 коопсуздук кызматкеринин каза болгондугун айткан Адил 6 коопсуздук кызматкеринин жаралангандыгын айтты. Адил кагылышууда Талибан мүчөлөрүнүн да жоготууга учурагандыгын белгиледи. Талибандан азырынча маалымат бериле элек.