Бекназаров Тазабек Икрамов боюнча үн катты

133

Коомдук ишмер Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров өзүнүн фейсбук баракчасына депутат Тазабек Икрамовго жан тарткан постун жарыялады.

Анда төмөндөгүдөй жазылат:

” Тазабек Икрамов..
Кыргыздын намысына жараган, азыркы убакта дагы дүйнөлүк биринчиликтерде кыргыз намысы үчүн күч сынашып жүргөн инсан. 
ЖК депутаты катары динин коргоп, динине болушуп жүргөн депутат.
10 тилде эркин сүйлөп, “сылан короздонуп” койкогон далайлардан өйдө турган инсан.
Жүрөгүндө ыйманы бар, патриот, мекенчил инсан.
Пайдасы тийген соопчулук иштерин тизмектештин кереги жоктур. Билгендер жакшы билишет.
Аллах берекелүү жана пайдалуу жашоону баарыбызга насип этсин. 
Орозонун күндөрүндө жакшы сөз сүйлөйлү, болбосо үн катпаганыбыз өзүбүз үчүн жакшыраак.
PS: Тазабек мырза менен көрүшкөн жерде аке-үкө катары учурашканым эле болбосо, эч кандай жакындыгым жок. Патриот, мекенчил, намыстуу жигит катары сыйым жогору.” 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь