ВИДЕО: Жалал-Абадда 2 жашар наристе катуу сабалып, жандандыруу бөлүмүнө түштү

298

Жалал-Абад областында 2 жашар наристе катуу сабалды. kaktus.media сайты жазган маалыматтарга ылайык, кызды анын чоң энеси сабаган. Ал эми жаш баланын видеосу оорукананын жандандыруу бөлүмүндө тартылган.

Тасманын автору наристенин денесинин бутунан бетине чейин көкала тактар бар экендигин тартып көргөзгөн.

Ал эми сүйлөшкөн сөздөдү уга келгенде, кыздын чоң энеси “урганмын бир эки жолу, бала деген жыгылат экен” десе, кызматкерлер “милиция чечет бул маселени, жыгылган эмес сыяктуу” деп сүйлөшүп жатышат.

Бул боюнча Жалал-Абад ОИИБ маалыматты тастыктап, окуя 7-майда болгондугун kaktus.media га кабарлаган. Аталган факт кылмыштардын бирдиктүү реестерине катталып, учурда териштирүү амалдары жүрүүдө.

Ал эми наристенин денесиндеги тактарды аныктоо үчүн экспертиза дайындалды.

Чоң эне жергиликтүү милиция кызматкерлерине небереси ойноп жатып тепкичтен кулап кеткендигин билдирген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь