8-майда Бишкекте 14 жаштагы Элиза Максытова дайынсыз болгон. Кыз 8-май күнү саат 14.30дар чамасында “Орто-Сай” базары жактан жоголгон. Апасынын айтымында, Элиза көркөм гимнастика менен алектенчү, бүгүн машыгууга кеткен бойдон дайынсыз болгон.
Ал эми Бишкек ШИИББдин басма-сөз кызматынын маалыматын караганда билдирүү кечки саат 20:00дө түшкөн. ИИМдин ыкчам тобу Элиза Максытова издеп, бүгүн таңкы саат 6лар чамасында таап, апасына өткөрүп беришти. Учурда кыздын кайда жүргөнү боюнча толук маалымат бериле элек.