Кече 8-майда айрым ЖМКлар Догоев кармалганын жазган болчу. Президенттин кеңешчиси (Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси) Дастан Догоев Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) сурак берип чыкты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине анын адвокаты Бакыт Осмоналиев билдирди.
Адвокаттын айтымында, Договди камакка алынган жок. Ал күбө катары сурак берүүгө чакырылган. УКМК кызматкерлерине доосу жок. Ал буга чейин биометрикалык паспортту чыгарууда корупциялык иштерди жасады деп кармалган мамкаттоонун жетекчилеринин иши боюнча көрсөтмө берген.
Буга чейин УКМК тендер чуусу боюнча үч аткаминерге айып тагып, кармаган. Кийин соттун чечими менен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Руслан Сарыбаев үй камагына чыгып, статс-катчы Талант Абдуллаев жана “Инфоком” компаниясынын директору Талант Абдуллаев тергөө абагына киргизилген.