ЖАМКнын үч кызматкери Азиз Батукаевдин иши байланыштуу камалышты

312

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын үч дарыгери ИИМдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бул тууралуу айрым маалымат булактар жазып чыкты.

Маалыматтарга карганда, дарыгерлер кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча камалган. Ал эми кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулаймановдун айтымында, алар менен Борбордун өкүлдөрү сүйлөшүп чыгышкан. Алар ЖАМКтын азыркы жана мурда иштеген дарыгерлери. Бүгүн алардын бөгөт чарасы каралмакчы.

Эске салсак, Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында «ага ак кан илдетинен жабыркайт деген берди» деген айып менен онколог Эмил Макимбетов камакка алынып, иши ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь