Учурда “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу Маалыматтык технология жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматтарга караганда, комитет жол эрежелеринин бузулганын жана видео байкоонун маалыматтарын тез жеткирип турган кызматтарды сатып алууга сынак жарыялады.
Экинчи этаптын алкагында 306 камера ишке кирип, кыркы көчмө камера болсо, калганы унаалар ылдам жүргөн жерлерге жана калк жашаган аймактарга коюлаары күтүлүүдө.
Катышуучулардын арыздары 27-июнь күнү саат 11:00дө ачылып, катышуучулардын иш тажрыйбасы жана техникалык сунуштары каралат.