Коррупциялашкан “Кыял” бирикмесине Данияр Тербишалиев жетекчи болуп келди

183

Ош базардагы “Кыялдын” ызы-чуусун учурунда көтөрүп, ал жакта коррупциялык схемаларды ачыктап айтып жүргөн мурдагы депутат Данияр Тербишалиев аталган ишканага жетекчи болуп келди. Бул тууралуу ал элдик.медиага маалымдады.

Тербишалиевдин айтымында, “Кыял”дын айланасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү ММК аркылуу ачык жарыялашса дагы жыйынтыксыз калган. Ошол схемалар бүгүнкү күнгө чейин иштеп келет дейт.

“Мурунку жетекчисине кылмыш иш козголуп, жумушунан кеткен. Илгерки кол өнөрчүлүктүн борбору жана флагманы “Кыял”, акыркы күндө аты эле калган, эски жабдыктар, эски имарат, эски технологиялар, жалпак тил менен айтканда базар болуп калган. Ошонун баарын ирээтке келтирип, жогорку деңгээлге көтөрүп, инвестицияларды алып келгенге жана коррупциялык схемаларды жойгонго толук мүмкүнчүлүк бар”

Президент жана премьер-министр тарабынан ишеним бар экендигин айткан Тербишалиев ишенимди актаганга даярдыгын белгиледи.

Буга чейин “Кыялды” Султанбек Макашов жетектеп келген. Ага карата “Кыялдын” айрым соодагерлери ириде коррупцияга байланыштуу айыптап чыгышкан.

Данияр Тербишалиев маалымдагандай азыр бул ишканада 130дун тегерегинде кызматкер эмгектенет.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь