9-майда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча республикалык турнирдин жеңүчүсү аныкталды.
Өлкө биринчилигинин Жогорку Лиганын финалдык оюнунда Таластын “Ынтымак” командасы менен Оштун “Достук” командасы бет келип, 1:0 эсебинде “Достук” командасы турнирдин чемпиону аталды.
Оюндагы жалгыз улакты “Достуктун” капитаны Таши Майлыбашев салды.
Эске салсак, Көк бөрү 4-майдан бери Жеңиш күнүнө жана Сүймөнкул Чокморов менен Үсөн Кудайбергеновдун элесине арналып өтуп жаткан.