Президент Сооронбай Жээнбеков “Өлбөс-өчпөс полктун” жүрүшүнө чоң атасынын сүрөтү менен чыкты

73

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-майда, Улуу Ата Мекендик согуштун 74 жылдыгына карата Бишкек шаарында өтүп жаткан «Өлбөс-өчпөс полктун» жүрүшүнө катышты.

Мамлекет башчысы чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтү менен чыкты.

Мамлекет башчы бул күнү келечек үчүн өмүрүн арнаган аталардын, чоң аталардын элесине таазим этүү менен бүгүнкү жүрүш алардын өлбөс-өчпөс эрдигине арналаарын белгиледи жана дүйнөдө тынчтык, элибизге ынтымак, аманчылык каалады.

Учурда Сооронбай Жээнебеков Жеңиш аянтындагы митинг-реквиемге катышып жатат.

Эске салсак, Президент Жээнбеков өткөн жылы дагы «Өлбөс-өчпөс полктун» жүрүшүнө катышкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь