Талас шаарындагы №3 мектеп-гимназиясына белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, КР улуттук коопсуздук органдарынын ардагери, полковник Дардаңов Камалбектин аты коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Мындай чечим 2019-жылдын 24-январында Өкмөткө караштуу көрүнүктүү ишмерлердин элесин түбөлүкө калтыруу боюнча комиссиянын отурумунда кабыл алынган.
Бул иш-чарага катышкандар КамалбекДардаңовдун Талас шаарынын жана Талас областынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана ошондой эле Мамлекеттин улуттук коопсуздугунун бекемдешине жана атайын кызматтардын ишинин өркүндөшүнө олуттуу салымын кошконун эскеришти.
КамалбекДардаңов 1948-жылдын 15-июнунда Талас облусунун Киров районуна караштуу Бакыян айылында туулган. Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн СССР жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жана ардак грамоталары менен сыйланган. 2014-жылдын 3-майында 66 жашында дүйнөдөн кайткан.