Бүгүн Жеңиш Күнүнө өткөрүлгөн “Өлбөс полк” жөө жүрүшүнө карата Бишкектин бир катар жолдоруна убактылуу чектөө киргизилген.
А.Масалиев көчөсүнөн төмөн карай Байтик баатыр көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин жөө жүрүш болгондуктан эл ташыган коомдук унааларга да каттоого тыюу салынган. Карапайым эл эрежеге макул болуп унаасын бул жолдон айдабай жөө жүрүштү.
Бирок, Азербайжан элчилигинин кызматкерлери унаасын эрежеге баш ийбей жөө жүрүш болуп жаткан Фрунзе көчөсү менен унаасын айдап жүргөнүн көрүүгө болот.