Лондондук “Тоттенхэм Хотспур” клубу Амстердамдагы коноктогу оюнда “Аяксты” утуп, финалга чыкты.
Лондондогу биринчи беттеште “Аякс” 0:1 эсебинде жеңишке жеткен соң, футбол эксперттери артыкчылыкты голландиялык командага берип жаткан.
Ырас эле “Аякс” өз талаасындагы оюнду жигердүү баштап, Маттейс де Лигт менен Хаким Зиеш биринчи бөлүктө гол киргизди. Эсеп 2:0 болгондон кийин оюндун интригасы жоголгондой болду. Бирок оюндун экинчи бөлүгүндө “Тоттенхэм” кырдаалды өзгөртүп кетсе боло!
Беттештин каарманы Лукас Моура болду. Ал экинчи бөлүктүн төрт минутасынын ичинде эки гол киргизип, эсепти теңеди. Кошумча берилген убакытта дагы бир голу менен командасын Чемпиондор лигасынын финалына алып чыгып кетти.
Чемпиондор лигасынын финалы 1-июнда Мадрид шаарында өтөт. 10 жылдан бери англиялык клубдар ортосундагы ЧЛ финалы боло элек эле. “Тоттенхэм” жана “Ливерпуль” футбол кереметин көрсөттү.
“Бул укмуш көрүнүш болду. Эки күн катарынан биз футболдун сыйкырын көрдүк“,-деди “Тоттенхэмдин” мурдакы машыктыруучусу Гленн Ходдл.
Экинчи жыл катары менен “Ливерпуль” Чемпиондор лигасынын финалына чыкты. Биринчи беттеште “Барселонадан” 3:0 эсебинде утулгандан кийин футбол дүйнөсү жеңишти католондуктарга ыйгарды.
Бирок “Ливерпуль” күйөрмандарынын чоң колдоосу астында футбол дүйнөсүнүн оозун ачырып, 4:0 эсеби менен “Барселонаны” жер муштатты. “Энфилд” стадиону шарактап кайнап турду. Акыркы жылдардагы дүйнөнүн эң мыкты клубдарынын бири эч нерсе кыла албай, калдастап калды.
Жарым финалдын тагдырын чечкен 122 секунд
“Ливерпулдун” тапшырмасы өтө оор жана аткарууга мүмкүн эмес эле. Негизги чабуулчусу Мохамед Салах жаракатынан улам талаага чыга албай калган.
Бирок “кызылдардын” курамында чабуулчу болуп оюнга чыккан бельгиялык Дивок Ориги сегизинчи минутада эсепти ачты. Бул командага дух жана үмүт берди.
Оюндун тагдыры экинчи бөлүктө чечилди. Жаракат алып калган оюнчунун ордуна чыккан жарым коргоочу Жоржиньо Вейналдум катарынан эки гол киргизип, беттештин тизгини толугу менен талаа ээлеринин колуна өттү.
“Барселона” окуянын мындай өнүгүшүн күтпөсө керек, ал тургай команданын лидери Лионель Месси эч нерсе кыла албай койду.
“Ливерпулдун” дарбазачысы Алиссон бир нече ирет катуу соккуларды кайтарды.
80-минутадагы коргоочу Трент Александер-Арнолддун бурчтан берилген тобун Дивок Ориги дарбазага түз тээп, оюнга чекит койду.
“Энфилдде” футболдун тарыхына кирген укмуштуудай окуя жазылды. Көптөр 2005-жылдагы Стамбулдагы оюнду эстешти. Анда финалдык оюнда “Миланга” 0:3 эсебинеде утулуп жаткан “Ливерпуль” оюнга кайтып келе алган.
“Ливерпулга” алтынчы ирет Европадагы беделдүү сыйлыкты утуп алуу мүмкүнчүлүгү жаралды.
Соңку беттештин мыкты оюнчусу ким болгонун айтуу кыйын. Бирок чабуулдун мизинде турган Садьо Мане гол киргизип өзгөчөлөнбөгөнү менен мактоого арзыйт.
“Ливерпуль” европалык футболдун элитасында:
- “Ливерпуль” Европадагы эң башкы жана беделдүү клубдук мелдештин финалына тогузунчу ирет чыкты. Мындай жолду мадриддик “Реал” (16), “Милан” (11) жана “Бавария” (10) басып өткөн.
- “Манчестер Юнайтедден” (2008-2009) кийин Чемпиондор лигасынын финалына эки жыл катары менен чыккан англиялык клуб болуп калды.
- “Барселона” европалык мелдештерде мурда-кийин англиялык командалардан мынчалык ири эсепте утулган эмес эле.
- Чемпиондор лигасынын бул жолку финалы 2013-жылдан бери биринчи жолу Лионель Месси жана Криштиану Роналду жок өтмөкчү.
Булак: Би-би-си кыргыз кызматы