Ысык-Көлдүн Көк бөрү боюнча командасы биринчи лигада чемпион болду

343

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча республикалык турнирдин биринчи лигасында Ысык-Көлдүн “Көл-Төр” командасы чемпион болду.

Мелдешке  “Көл-Төр” Таластын “Кара-Буура” командасы байге үчүн  күч сынашкан. Эки команда тең бири-бирине катуу каршылык көрсөтүп, жыйынтыгында  Ысык-Көлдүн командасы 2:1 эсеби менен жеңип алды.

Ал эми үчүнчү орунду “Алкан-Ата”, төртүнчүнү “Ат-Башы” командасы багындырды. Айта кетсек, биринчи лигада  жалпы 16 команда күч сынашкан.   Бүгүн  “Достук” менен “Ынтымак” командалары беттешмекчи.

Көк бөрү 4-майдан бери Жеңиш күнүнө жана Сүймөнкул Чокморов менен Үсөн Кудайбергеновдун элесине арналып өтүүдө. Аталган оюндан сырткары башка дагы ат оюндары бар.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь