Элчи Жекшенкулов Сталиндин чабандеси катары кызмат кылган Ороз Мамралиев менен Москвада жолукту

234

Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкуловдун Москвада жашаган жалгыз ардагери, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Ороз Мамралиев менен жолугушуусу болду. О.Мамралиев 3- Белорусиялык фронттун курамында Чыгыш Пруссияга чейин жеткен, ал эми 1945-жылы Кызыл аянтта Жеңиш парадына СССРдин маршалдары Г.Жуков жана С.Буденныйдын аттарын даярдоого катышкан.
Элчи А.Джекшенкулов Ардагерди Улуу Жеңиш күнү менен куттуктап, эстелик белектерин тапшырып, Аксакалга бекем ден соолук, бакубат жана узун өмүр каалады.
Жолугушууда ардагер өзүнүн эмгек жолу тууралуу кеңири айтып берди, турмуштук тажрыйбасы менен бөлүшүп баалуу кенештерин жана насааттарын айтты.
Чебер чабандес катары согуш мезгилинде О.Мамралиев жаш аскер-кавалеристтерди жана аттарды майданга даярдаган. Согуштан кийин СССРдин Коргоо министрлигинин манежинде иштеген, Василий Сталиндин инструктор-чабандеси катары кызмат кылган.
О.Мамралиевдин тажрыйбасы «Динамо» спорт коомунун Борбордук кеңешинде да жардам берген. СССРдин алты спорт чеберин жана он эки спорт мастерине талапкерин даярдаган.
РФнын ИИМнин Кавалериясында 66 жыл кызмат өтөгөн, анын ичинде 30 жыл Россиянын ИИМнин Башкы башкармалыгынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы кызматын аткарган. О.Мамралиев 1984-жылы дивизиондун начальниги кызматынан ардактуу эс алууга чыккан. Ардагер быйыл 93 жашка чыкты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь