Экс-депутат Урмат Аманбаева : “Мага Салянованын өч алуусу менен кылмыш иши ачылган…”

615

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Урмат Аманбаева эч кандай далили жок абакта отуруп чыккандыгын айтып, Аида Салянованын өч алуусу менен ага карата кылмыш иши ачылгандыгын ал жергиликтүү басылмалардын бирине билдирген. Бул боюнча nazarnews.kg жазды. Туура эмес берене боюнча негизсиз айып коюлгандыктан аны сот аркылуу кайра каратуунун үстүндө иштеп жаткандыгы белгилүү болду.

“Өткөн бийликтин мага кылганы азыр өз баштарына муш болуп тийүүдө. Бул таба эмес, тобоо!”

Учурда Аманбаева үй-бүлө, жеке иштери менен алек болуп жаткандыгын дагы кошумчалаган. Ал эми саясатка кайтып келүү пландары боюнча

“Ошол мезгил келе берсинчи. Аман болсом. Кудайым баарыбызга аманчылык берсин!” деген

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту депутат айымды адегенде тогуз жылга эркинен ажыратып, 2016-жылы Жогорку Сот  өкүмүдү өзгөрткөн.

Сот Аманбаеваны “кылмышка шериктеш болгон” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп таап, 3 миллион сом айып төлөөгө милдеттендирген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь