“Жеңиш” аянтында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине сый тамак уюштурулган.
95 жаштагы ардагер Токон Мурсалиев тамак үстүндө биз менен маек куруп, согуш талаасында болгон окуяларды эскерди.
Улуу Ата Мекендик согушка 74 жыл!

95 жаштагы ардагер Токон Мурсалиев маектешин эриктирбей, суроолорго тамаша менен жооп бергенди жактырат.

Согуш учурунда эң сүйүктүү болгон аскерлердин “каша” тамагы берилди.

Майрамдык иш-чара аскерлердин парады менен коштолду.