Элдик медиа порталына Чолпон аттуу айым кайрылып, аны Токтосун Намазов аттуу жаран алдап жүргөнүнө арызданды. Анын айтымында Токтосун Намазов мындан бир жыл мурда “Моделдердин таймашы” деген аталыштагы долбооруна демөөрчү болуп берүүнү сунуштаган.
Чолпон айым бул сунушка макул болуп демөөрчүлүк кылган. Бирок арадан көп убакыт өтсө дагы долбоордон дайын жок.
Ал эми Токтосун Намазов муну жалган жалаа катары сыпаттады. Анын айтымында долбоорду уюштурам деп анча-мынча карыз алганы чын. Бирок атайын алдап кетүү үчүн чоң суммаларды алган эмес.
Чолпон айымдын айтымында Токтосун Намазовдун “Моделдердин таймашынан” тышкары да арам иштери бар. Ал модель кылам деп кыздарды интимдик кызмат көрсөтүүгө түрттү дейт.
Бул айыптоолорду Токтосун мырза болсо караманча четке какты. Ал бул каралоолор атайын жасалып жатат дейт. Ал ортодо интервьюга келүүгө макул болбогон Токтосун Намазов Элдик Медиа порталын да сотко берем деп коркутуп өттү.
Кошумчалай кетсек, мени интимдик кызмат көрсөтүүгө түрттү деген кыз да биздин порталга интервью берген.