Учурда Дамир Мусакеев интернетке тараган кыймылсыз мүлктөрүн журналисттерге көрсөтүүдө. Бишкектин четиндеги Маевкадагы жер там, андан соң Новопавловкадагы курулушу бүтө элек үйлөрү менен тааныштырды.
Дагы бир Мусакеевдерге таандык делген Ак-Ордо конушундагы Дамир Мусакеевдин агасы Замир Мусакеевдин үйүн көрсөттү. 2014- жылы курулуш иштери башталган үйдө азыркы учурда курулуш иштери толук бүтө элек.
Ал эми коңшуларынын айтымында бул курулуш иштерин жоокер аскер адамдары салышкан.