Буга чейин Мусакеевге Бишкекте элиталык батирлер, Чүйдө жана Ысык-Көлдө жер тилкелери таандык экени, анын баарын Атамбаев берген акчага сатып алып, жакындарына каттатып койгону тууралуу кабарлар соңку күндөрү Интернетте байма-бай тараган.
Алар кайсылар тизмектеп беребиз:
Атасы Мусакеев Сагындыктын наамына катталган мүлктөр:
– Бишкек шаары, Сүйөркулов көчөсү №7а дарегиндеги батир, (катталган күнү: 22.10.2015),
– Бишкек шаары, Кеңсуу көчөсү №19 үйдөгү батир (катталган күнү: 07.07.2014),
-Ак-Ордо конушу, Көк-Бел көчөсү №74, жер тилке (катталган күнү 01.07.204),
-Сокулук району, Новопавловка айылы, Проектируемая көчөсүндөгү жер тилке (катталган күнү: 18.02.2010),
– Ысык-Көл облусу, Чоң-Сары-Ой айылы, курорттук зонадагы жер тилке (катталган күнү: 24.06.2015),
– Тоң району, Бөкөнбаев айылы, Осмоева көчөсүндө жайгашкан дүкөн,
– Бишкек шаары, Рыскулов көчөсү №79б дарегиндеги батир (катталган күнү: 07.05.2019),
– Бөкөнбаев айылынын Мамбетов көчөсүндөгү турак-жай (катталган күнү: 01.09.2016)
– Бөкөнбаев айылынын Мамбетов көчөсүндөгү дүкөн (катталган күнү: 01.09.2016),
– Аламүдүн району, Маевка айылындагы жер тилке (катталган күнү: (20.01.2011),
– Бостери айылындагы коттедж (катталган күнү: 11.02.2019),
-Бишкек шаарындагы Турусбеков көчөсү №88/2, батир (катталган күнү: 14.05.2018)
– Бишкек шаары, Калык Акиев көчөсү №99, батир (катталган күнү: 07.05.2018).
– Бишкек шаары, Рыскулов көчөсү №7б, батир (катталган күнү: 14.05.2018),
– Бишкек шаары, П. Лумумбы көчөсү №143, батир (катталган күнү: 19.12.2003),
– Көк-Жар конушу, Куйручук көчөсү 20/2 батир, бул даректе Дамир Мусакеевдин кызматтык батири экени анык болду.
Бул үй кызматтык батир катары УКМК тарабынан берилген.
Белгилей кетсек Башкы прокуратура чогултулган материалдар Жазык кодексинин 323-беренесинин («Мыйзамсыз баюу») негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 7-майда каттоого алынганын кабарлаган болчу.
Булак: “Майдан. kg” гезити