Дамир Мусакеев чын эле байкушпу? (сүрөттөр)

298

УКМКнын тогузунчу башкармалыгынын мурдагы башчысы, Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев бүгүн өзүнүн жана ата-энесинин мүлкүн опазициялык маанайдагы ММКларга көрсөттү.

Буга себеп катары акыркы мезгилде интернетке тарап жаткан анын мүлктөрүн элге көрсөтүү болгон. Ал жалпысынан туугандарына катталган беш үйгө журналистерди алып барды.

Бирок бул маалда кайрадан интернетте талкууга кабылды. Интернет колдонуучулардын басымдуу бөлүгү Мусакеевге карата какшык ойлорун жазышууда. Мисалы журналист Баяна Кулова төмөндөгүдөй пикирин фейсбук баракчасына бөлүшкөн.

Каап, Дамир мырза. Атамбаев жан сакчысы болбой шоопуру болгонуңда далай байлык топтомок экенсиң…Башкы прокуратура эми кантип сендей бечара, эптеп септеп ичи бүтпөгөн, айнек терезеси жок үйдө 3 жыл титиреп жашаган байкушту соттойт ыя….Кудайдан коркпогон жагыңдан шефиңден ашып кетипсиң. Кабат кабат особняктар, элиталык батирлер кимге таандык анда? Атаң Кыргызстанга атагы чыккан миллионер эместир акыры. Алмазбек аваңдын сөгүүсүн угуп, кошо чай пай ичип жүрүп сага да жукса керек, садага болоюн кембагал… “-, деп жазган айрымдары болсо ыр да жазып жиберишкен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь