Дамир Мусакеев өзүнүн эле эмес жакындарынын дагы байлыктарын коомчулукка көрсөтөт

228

Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тогузунчу башкармалыгынын мурдагы башчысы, Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев өзүнүн жана ата-энесинин, бир туугандарынын мүлкүн коомчулукка көрсөтөт. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү К. Жолдубаева билдирген.

“Дамир Мусакеев Башкы прокуратура билдирген маалыматтар боюнча   Ага «мыйзамсыз байыган» деп айып коюлуп жатпайбы. Анын эч кандай байлыгы жок. Ал УКМК тарабынан берилген кызматтык батирде жашап жатат”,-деп кошумчалаган.

Эске салсак, Мусакеев Башкы прокуратура анын байлыгына байланыштуу тараткан маалымат туура эмес экенин билдирген.  Ал өзүнүн үй-бүлөсүнө тийиштүү мүлктүн жалпы баасы прокуратура бергендей 20 млн. сом эмес, 500-600 миң сом болушу мүмкүн экенин билдирген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь