Жайкы сезондун алгачкы туристтерин министр салтанаттуу тосуп алды (сүрөттөр)

185

“Манас” эл аралык аэропорту Кыргызстанга келген жайкы сезондун алгачкы туристтерин кабыл алды. Польшадан учуп конгон туристтерди салтанаттуу түрдө министр Азамат Жаманкулов менен орун басары Максат Дамир уулу тосуп алды.

Келген конокторго Кыргызстандын кооз, тарыхый жерлеринен тартып, мейманкана, тамактануучу жай жана башка кызмат көрсөтүүлөр тууралуу маалыматтар камтылган жана алардын акысын арзандатып берүүчү атайын электрондук карточка тапшырылды.

Сынамык долбоор боюнча карталар азырынча “Манас” аэропортунан гана берилет. Эгер ал ийгиликтүү ишке ашса, башка көзөмөл өткөрүү пунктуларынан бериле баштайт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь