Жакында WhatsApp эмнеге иштебей калат?

296

2019-жылдын 31-декабрынан кийин  Windows Phone системасынын базасындагы аппараттарда WhatsApp тиркемеси иштебейт. Бул тууралуу компаниянын расмий блогунда кабарланды.

Маалыматка ылайык,  2019-жылдын 31-декабрына чейин тиркеме Microsoft компаниясынын Windows Phone операциялык системасы орнотулган аппараттарда ачылбай калат. Ошондой эле мессенджер Android жана iOS смартфондорунун эски версияларында да иштебейт.

2020-жылдын 2-февралынан тарта тиркеме Android смартфондорунун 2.3.7 жана андан эскирээк версияларында, iOS смартфонунун 7 жана андан эски версияларында ачылбай калаары айтылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь