Жалал-Абад шаарындагы нефти базадагы өрттү өчүрүүгө мүмкүн эмес болууда. ӨКМдин басма сөз кызматы бул Нефти болгондуктан аны өчүрүү оңой эмес экендигин белгиледи.
Учурда өрттү өчүрүүгө жалпы 7 бөлүм тартылган. Өрттү өчүрүү иштерин жеринен көзөмөлдөө үчүн ӨКМдин Жалал-Абад облусунун башкармалыгынын башчысы полковник Абулнасир Закиров жүрөт.
Мындан сырткары саат 11:00дө ӨКМдин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун ыкчам тобу чыгып кетти. Жеринде ИИМ кызматкерлери, тез жардам кызматынан 1 бригада иш алып барууда. Кошумча маалымат берилет.