Жалал-Абад шаарындагы жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген эки жаштагы кызды Акыйкатчынын жергиликтүү өкүлү өзүнүн көзөмөлүнө алды. Укук коргоочулар бул жерде кичине кызга үй-бүлөлүк зомбулук фактысы болгон деп жатышат.
Акыйкатчынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, 7-майда “Тез жардам” унаасында Сузак районунун Жалгыз-Жангак айылынан облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген эки жаштагы кыздын башында шишик табылган, белден ылдый жактары көк ала болуп турган.
Бул факт Сузак РИИБде “кокустук” катары катталган. Бирок Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери муну менен таптакыр макул эмес. Аны үй-бүлөлүк зомбулук катары каттатуу зарыл деп жатышат. Ошондой эле бул кыздын туугандарын ага жолотпоо керек дешет.
Кыздын таята менен таенеси бул окуяны кыздын бир жума мурда жыгылып, оорусу козголгон үчүн “тез жардам” чакырышканын билдиришкен. Акыйкатчынын өкүлдөрү видеоматериалда таенеси кызды шымына сийбе деп бир-эки жолу урганы жана чымчыганы тууралуу өзүнүн айтканынан эле зомбулук катары баалоого болот деп эсептешет.
Акыйкатчынын өкүлдөрү бул окуя жөнүндө облустук прокуратурага кайрылышты. Учурда Акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлү Кыял Токтобаева ооруканада кыздын жанында бейтаптын таржымалы менен таанышып жатат.
Эки жаштагы кыздын апасы өзүнүн эки кичине кызын өз атасы жана өгөй энесине калтырып, Москвага иштеп кеткен экен. Акыйкатчынын тапшырмасы боюнча, жабыркаган кыздын апасын Кыргызстанга чакыртып жатышат.
Булак: Би-би-си кыргыз кызматы