ӨКМдин Жалал-Абад облусунун башкармалыгынын башчысы полковник Абулнасир Закиров билдиргендей, Жалал-Абад шаарындагы нефтебазадан чыккан өрттү көбүк менен өчүрүүдө, 350 л колдонулду, кошумча 500 л көбүк иштетилет.
Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Мындан тышкары, Жалал-Абад шаарынын Жарандык коргоонунун кызматтары иш алып барууда, кошумча тиешелүү күч, каражаттар тартылган. КР ӨКМдин Басма сөз кызматы