Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо боюнча Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Өлккө башчыга сотторду тандоо кеңеши 13 талапкерди судьялык кызматка дайындоо боюнча сунуш киргизген. Буга ылайык, Жогорку сотуна, Чүй облустук сотуна жана Ош шаардык сотуна бирден талапкер, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустук сотуна экиден жана Нарын облустук сотуна 6 талапкер сунушталган.
6-майда мамлекет башчы сунушталган талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрүп, жыйынтыгында жергиликтүү соттор дайындалды.
Алар: Жалал-Абад облустук сотуна Адилет Чоноев;
Чүй облустук сотуна Жыргал Мурзалиева;
Нарын облустук сотуна — Кайридин Бакиров, Нурлан Малдыбаев, Жеңишбек Мелсов, Улукбек Мукамбетов.