Кара-Балтада асынып турган аялдын жансыз денеси табылды

300

Бүгүн, Кара-Балта шаарындагы орто мектептин арткы короосунда аял кишинин асынып турган денеси табылды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, «Кыргызстандын 40 жылдыгы» кварталында саат 11:00 чамасында иттерин сейилдетип жүргөн жергиликтүү тургундар карыган аялдын жип менен бакка асынып турган денесин табышкан. Аял кишинин жанынан баштыктар жана чөнтөк телефон табылган. Каза болгон аялдын туруктуу жашаган жери жок экени айтылууда. Бирок, бул тууралуу ИИМ азырынча  расмий маалымат бере элек.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь