Бүгүн, 10-майда Нарын шаарында билим берүү борбору ачылды. Ага, облус башчысы Аманбай Кайыпов катышып, лентасын кести.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыялаган. Мына ушул жарлыкка ылайык “А.Салымбеков атындагы фонд” тарабынан 7 облустун жети шаарына окуу борборлору ачылып жатат.
Мына ушундай жакшы жөрөлгө Нарын шаарында да орун алып, 9 млн сомдук окуу борбор ачылды.
Бул билим уясында тил үйрөнүү, жаш жеткинчектерди өнүктүрүү, жаңы техникаларды өздөштүрүү, мектепке чейинки окутуу жана лидерлик сапатты өнүктүрүү боюнча курстар окутулат.