Үч күндө бери Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында камалып жаткан жаран асынып алды. Ал 7-май күнү жашы жете элек небересине сексуалдык аракеттерди жасаган деп шектелип камалган.
Маркумдун үстүнөн өзүнүн 24 жаштагы кызы арыз жазган. Белгилүү болгондой шектүү неберлерин карап калчу. Ал чоңоюп калган кызына ыпылас иштерди айтып, порнографиялык кинолорду көрсөтүп жүргөн.
Алдын ала көрсөтмөдө шектүү жаран кылган иштерин мойнуна алган.
55 жаштагы шектүүнүн сөөгү бүгүн 10-майда табылган. Асынып алган маркумдун жанынан туугандарынан кечирим сурап жазган каты табылды.
Эске салсак, бүгүн эртең менен Кара-Балта шаарында дагы аял кишинин асынып турган денеси табылган.