Нефти базадагы өрткө жакын жолоого мүмкүн эмес болуп жатат (видео)

299

Жалал-Абад шаарындагы мунай базада эртең менен тутанган өрт өчүрүлө элек. Коюу түтүн каптап, айланасында жол коопсуздугун инспекторлору абалга көз салууда. Алар журналисттерди объектке жакыныраак жолотпой жатат. Өрт өчүрүүчүлөр жеринде иш алып барып жаткандыгы маалымдалды, бирок жалындаган өрттү басаңдатууга азырынча мүмкүн эмес болуп жатат.

Күбөлөрдүн айтымында, өрт алган база турак-жайларга өтө жакын жайгашкандыктан кооптуу абал жаралууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь