Европа Лигасынын жарым финалдык беттешинде “Арсенал” командасынын оюнчусу тепкен топ журналисттин башына келип тийди. “Месталья” стадионунан оюн алдында болгон даярдыкты журналист Монике Бенавент түз алып көрсөтүп жаткан. Тартылып калган видеону BT Sport каналынын алып баруучусу Джейк Хамфри жарыялады.
Кадардан жок болуп кеткен журналист бары жайында экендигин айтып кайра кайтып келет.
Белгилей кетсек, бул оюнда “Арсенал” – “Валенсияны” 4:2 эсебинде жеңип финалга чыккан.