Ханзаада Гарринин уулу жөнүндөгү билдирүү үчүн журналист иштен кетти

179

Би-Би-Си корпорациясы канзаада Гарри менен анын жубайы Мегандын жаңы төрөлгөн наристеси тууралуу “Твиттердеги” билдирүүсү үчүн Би-Би-Си 5 радиосунун алып баруучусу Дэнни Бейкерди жумуштан кетиришти.

Маалыматтарга караганда, ал колдоруна шимпанзе көтөргөн жубайлардын сүрөтүн жарыялап, алдына “королдук наристе төрөт үйүнөн чыкты” деп жазган. Бирок көп өтпөй бул билдирүүсүн өчүрүп салган.

Бейкердин социалдык түйүндөгү 500 миң окурманынын көбү аны расизмге айыпташты. Күн мурун ханзаада Гарри менен анын жубайы Меган 6-майда жарык дүйнөгө келген уулу Арчи Харрисонду коомчулукка көрсөткөн. Былтыр ханзаадага турмушка чыккан актриса Маркл Меган британ королдук династиянын тарыхтагы алгачкы африкалык мүчөсү болуп калган.

Би-Би-Синин алып баруучусу анын билдирүүсүндө расистик маани жок экенин айтып, сүрөт үчүн кечирим сураган.

Журналистикада 1989-жылдан бери иштеп келген Бейкер радиодо күн сайын болчу шоуну алып барчу. Ал эми аталган радионун өкүлдөрү иштен кеткен журналистти мыкты кызматкер экенин айтып, бирок анын билдирүүсү компания карманган баалуулуктарга каршы келерин кошумчалашкан.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь