Бүгүн 10-майда Жалал-Абад шаарындагы Шерматов көчөсүндө жайгашкан нефти базасында чыккан өрт саат 17:25те чектөөгө алынды.

Учурда Өрттү өчүрүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилерин ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Ошондой эле ӨКМ социалдык тармактарда Жалал-Абад шаарында орун алган өрт кырсыгына байланыштуу түрдүү пикирлер жана талкуулар жүрүп жаткандыктан төмөндөгүнү билдирет:

“Учурда Жалал-Абад шаарында күйүп жаткан нефтебаза жарылылуучу коркунучу бар объект. Адистер мындай учурда өрт өчүрүүгө тик учак колдонулбашын белгилешет. Тик учак өрт чыккан обьектиге өрт өчүрүүгө колдонулуучу көбүктү алып барууга ылайыкталган эмес. Көбүк өрт өчүрүүчү унаа менен гана күйүп жаткан обьектиге берилет. Нефти сакталуучу жайларда өрт катталганда дүйнөлүк практикада тик учак менен өчүрүү колдонулбайт. Эгерде токойлордо, талаада же бийик кабаттуу имараттарда ири өрт катталса, тик учак колдонуу натыйжасын берет.”

Белгилей кетсек, өрттү өчүрүүгө Оштон дагы кошумча күч тартылып жалпы 10 бөлүм  2 автошаты иштеп жаткандыгы маалым болгон.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 97