Өрттү өчүрүүгө Оштон кошумча күч тартылды. Министр онлайн көзөмөлдөөдө (ВИДЕО)

234

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов министрликтин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору аркылуу онлайн режиминде Жалал-Абад шаарындагы нефтебазадан чыккан өрттү көзөмөлдөп жатат.

Министрдин буйругунун негизинде ӨКМдин Жалал-Абад облусунун башкармалыгынын күч каражаттары, мындан тышкары Ош облустук башкармалыктан дагы кошумча өрт өчүрүү бөлүм жана көбүк (пена) тартылууда.

ӨКМдин Басма сөз кызматы маалымдагандай, учурда өрттү өчүрүүгө жалпы 10 бөлүм, 2 автошаты тартылды. Жеринде ӨКМдин ыкчам тобу, шаардык суу чарба башкармалыгынан 3 суу ташуучу унаа, РЭТ кызматынан 1 бригада, тез жардам кызматынан 1 бригада, ИИМ кызматкерлери жана Жалал-Абад шаарындагы Аэропортунан 2 өрт өчүрүүчү унаа, Кочкор-Ата шаарындагы Кыргыз Нефти Газ ишканасынан өрт өчүрүүчү унаа өрттү өчүрүүгө жардам көрсөтүшүүдө.

Мындан тышкары болжол менен 2000ге жакын адам коопсуз жайга эвакуацияланган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь