Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районундагы мунайды кайра иштетүүчү ишканадагы өрттү өчүрүүгө жалпы он бөлүм, эки автошаты тартылды.
Жеринде ӨКМдин ыкчам тобу, шаардык суу чарба башкармалыгынан үч суу ташуучу унаа, РЭТ кызматынан бир бригада, тез жардам кызматынан бир бригада, ИИМ кызматкерлери жана Жалал-Абад шаарындагы Аэропортунан эки өрт өчүрүүчү унаа, Кочкор-Ата шаарындагы Кыргыз Нефти Газ ишканасынан өрт өчүрүүчү унаа өрттү өчүрүүгө жардам көрсөтүшүүдө.
Болжол менен 2000 ге жакын жергиликтүү тургундар коопсуз жайга эвакуацияланды.