520 миң доллар пара алууга айыпталган Азимкан Жусубалиевдин соту жылды

228

Транспорт министринин мурдагы орун басары чет элдик компаниядан 50 миң доллар алып жаткан жеринен 2018-жылдын 5-декабрында кармалган.  Кармалган чиновник Азимкан Жусубалиевдин ишин кароону Биринчи май райондук соту 20-майда улантарын айтышты.

Маалыматтарга караганда, биринчи 4-апрелге белгиленген соттук процесс  кийин 2-майдагы соттук териштирүү күбөлөр келбей калганына байланыштуу 20-майга жылдырылды.

Атайын кызматтын материалдарына ылайык, министрдин орун басары өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн кызыкчылыгын коргоп берүү үчүн 520 миң долларга пара катары алмак. Анын 120 миң долларын министрдин кылмышка шектүү орун басары ортомчулар аркылуу алган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь