ИИМдин уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү катары каттоодо турган жаран “каракчылык” менен кармалды.
17-апрелде Свердлов райондук ИИБна 55 миң сомдук “Айфон”ун алдырып жиберген кыз арыз менен кайрылган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектелип бою 2 метрге жакын 1995-жылы туулган жаран кармалды. Ал буга чейин “каракчылык” боюнча соттолгонгондугу маалымдалды.
Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Анын буга чейин ушул сыяктуу иштерге катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.