Боомдогу жол кырсыктан үч адам мерт кетти

101

Honda Odyssey менен Subaru Outback унааларынын кагылышынан үч адам мерт кетти. 9-майда болжолу менен саат 21:00 чамасында Боом капчыгайында жол кырсыгы катталган.

Анын кесепетинен Honda Odyssey унаасынын айдоочусу, Subaru Outback айдоочусу менен анын жубайы көз жумган. Мындан тышкары дагы бир жүргүнчү ооруканадан каза болду.  Үч адам жаракат алган.

Маалыматтар боюнча 1988-жылы туулган айдоочу кыз Honda Odyssey унаасын башкарып бара жатып каршы тилкеге чыга калган. Алдындагы 1970-жылкы айдоочу айдап келе жаткан Subaru Outback барып кагылышкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь