Владимир Путин хоккей талаасында килемге чалынып, жыгылып түштү (видео)

361

Орусиянын президенти Владимир Путин Түнкү хоккей лигасынын гала-оюнунда  кызыл килемге чалынып кулап түштү. Видеодо көрүнүп тургандай мамлекет башчысы колдоочулар менен саламдашып жатып килемди байкабай калган.

Хоккейчилер Вячеслав Фетисов жана Валерий Каменский Путинди ордунан тургузууга жардам беришти.

Кечээ 10-майда Сочиде өткөн беттеште Путин чабуулчу катары 11-номерде оюн талаасына чыгып, 10 шайба кигизген.

Президент ойногон команда атаандашын 14:7 эсебинде жеңген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь