Дамир Мусакеев убагында каракчылык кылып, байларды тоноп, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү болуп жүргөн. Бирок ага карабай Атамбаев аны катардагы жан сакчыдан көтөрүп, УКМКнын 9-башкармалыгынын жетекчиси кылды. “Көрбөгөндүн көргөнү курусун”,-болуп Дамир Мусакеев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, УКМК кызматкерлерине бөлүнгөн батирлерди өзүнүн жакындарына, жеке кызыкчылыгына жараша кезегине карабай бөлүштүрүп салган. Кезек башында тургандарды, кезек артына өзүм билемдик кылып жылдырып таштаган. Ушундай кыянаттык жолдор менен капчыгын калыңдатып, пара алуу менен кыска убакытта байыган. Кечээ, журналисттерди чогултуп алып жалган маалымат таратып, шоу жасады. “Мен кимдир-бирөөгө тосколдук кылып жатсам керек, мага саясий куугунтук болуп жатат”-деп элге аянычтуу көрүнгүсү келди. Биринчиден, саясий куугунтук болгудай Мусакеев саясатчы болбосо, же көчөгө чыгып алып бийликке каршы чыгып кыйкырбаса, эмнеге саясий куугунтук болсун?! Азыр, уурулугу кармалып, кылмышы ачылып калгандын бары эле “мага саясий куугунтук болуп жатат”-деп айтканды адат кылып алышты.
Дамир Мусакеев шаардын четинде каролсуз калган, жашаганга эч шарты жок үйдү журналисттерге көрсөтүп, “мына ушул жерде 3 жыл жашадым”-деп кызарбай туруп калп айтты. Ал көрсөткөн үйдө адам жашай турган шарты жок, толук курулуп бүтө элек, эшиги жүз жеринен тешик экени көрүнүп турат. Кыязы, Дамир Мусакеев ушунтип байкуш болуп көрүнсөм, элде аео сезими болот деп үмүттөнсө керек. Тескерисинче көргөндөр кайсы жагы менен күлүшүн билбей, ушундай дагы калпычы болобу деп айтып жатышат. Дамир Мусакеев атасына, апасына жана жакын туугандарына каттап алган эбегейсиз байлыгынын тизмеси чыкты. Ысык-Көл районундагы Бостери айылында Дамир Мусакеев ээлик кылган котедждин баасы 10 500 000 сом! Бир эле Бостериде 10 миллион 500 миң сомдук мүлкү бар Мусакеев кароосуз калган тамда жашайм деп ыйык рамазан айында калп айтып жатат.
Коттедж Бостери айылында жайгашып, жалпы аянты 284 метр чарчыны түзөт
БУЛАК: Jele.kg